• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Бишкек-Ош жолу кар көчкүдөн тазаланды

Коом 0

Бишкек, 16.02.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында кар көчкү түшкөн,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-февралда болжол менен саат 19:20 чамасында түшкөн кар тазаланган.

“Бүгүн да Бишкек-Ош унаа жолунун 247-чакырымында көлөмү 1700м3 кар кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес”,-деп айтылат маалыматта.

Унаа жолго түшкөн кар көчкүлөр тазаланып, каттам саат 07:30да толугу менен ачылган.

Пикир

Оставить комментарий