• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ӨКМ: Бишкек-Ош жолуна көчкөн карды тазалоо уланууда, унаа жол азырынча жабык

Коом 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолуна көчкөн карды тазалоо иштери улантылып жатат,-деп билдирет бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда Сосновка постунда 105 оор жүк ташуучу, 11 жеңил унаа, Арал постунда 16 оор жүк ташуучу, 35 жеңил унаа, Талас районунун Талды-Булак айылында 11 оор жүк ташуучу, 11 жеңил унаалар турат.

Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында 100 оор жүк ташуучу унаа кезекте тургандыгы маалымдалат.

“Тартылган техникалардын жардамы менен 246-чакырымга түшкөн кар көчкүнүн түндүк тарабынан 40000м3, түштүк тарабынан 20000м3 кар көчкүсү тазаланган. Мындан сырткары КР ӨКМ тарабынан Токтогул районунун “Арал” постунда 2 чатыр, кар көчкү түшкөн тилкеде 2 чатыр, Жайыл районунун “Сосновка” постундагы 2 мобилдик турак үйдө жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш уюштурулган”,-деп билдиришти ӨКМден.

Андан тышкары, Талас районунун Талды-Булак айылында №36 ЖТИнин имаратында жана Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш уюштурулган.

Учурда кар көчкүтүшкөн жерде куткаруучулар жана атайы техникалар иштеп жатат.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 13-мартында болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымына кар көчкү түшкөн. Анын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолу эки тараптан тең толугу менен каттам үчүн жабылган. Азырынча унаа жол качан ачыла тургандыгы жөнүндө маалымат жок.

Алдын ала маалымат боюнча кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий