• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү аракеттери башталат

Коом 0

Бишкек. 30.03.19 /Кабар/. Аба-ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондордогу унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу пайда болду. Буга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусунун 132-133-чм, Ала-Бел ашуусунун 222-223 жана 246-249-255-чм) мажбурлап түшүрүү аракеттери башталат.

Айтылган участоктордо унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилет.

Иш-чараны ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык эсеби тартылат.

КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө, кар көчкү жолго түшсө, өз убагында жолдорун кардан тазалоону камсыз кылат.

Ички иштер министрлиги жолдордогу унаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана кар көчкүлөрдүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат.

Саламаттык сактоо министрлигинен артиллериялык эсепти иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкери коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий