• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.12.17. /Кабар/. Бүгүн, 4-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2017-жылдын 2-декабры күнү КР ӨКМи тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий