• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Бишкек-Ош жолунун айрым участкаларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 07.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда 4–7-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Ушундай эле абал Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130 чакырымдарында күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий