• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ Бишкекке жакын аба фонарын учуруу боюнча массалык иш-чара өткөрүүгө тыюу салды

Коом 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21-май – "Аба фонары" фестивалында Бишкекке жакын жерде асманга кытай фонарларын учурууга тыюу салды.

Ведомстводон билдиргендей, социалдык тармактарда 21-майда Бишкектин четинде "Аба фонары" фестивалын уюштуруучулар шаар сыртына чыгып, жаратылыш койнунда түндөсү 2 миңден ашуун кытай фонарын абага коё берери тууралуу маалымат тарап, шаардыктар анын айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирине кабатырланышууда.

ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы жаратылыш койнунда болуп жаткан өрт кырсыктарын эске алуу менен асманга аба фонарларын коё берүү кооптуулугун маалымдайт.

"Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалындаган ачык от менен асманга фонарларды учурууга тыюу салат. Ачык от менен учкан фонарлар өрт кооптуулугуна жол ачат. Асманга учурулган от үйдүн шыбына, кургак чөбү бар бастырмага, жыгач курулуштарына, тоо койнундагы токойлорго, май куюучу станцияларга жана башка өрт коопсуздугу бар объекттерге түшүп, кырсык менен аякташы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбаган учурда же этиятсыз болуудан өрттүн чыгышына алып келсе КР Кылмыш-жаза кодексинде атайын жазалар каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий