• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Бишкекте бир үй, үч унаа күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 03.11.17./Кабар/. 3-ноябрда саат 01:15 чамасында Гагарин-Люксембург көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабатту мансарда тибиндеги турак үй жана “Мерседес Спринтер”, “Жигули”, “УАЗ” үлгүсүндөгү унаалар күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Биринчи-Май райондук №4 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Биринчи-Май райондук №8атайын аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн1 бөлүм, Ленин райондук №6аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, Октябрь райондук №5 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, ШТАБ, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан Көчмө байланыш пункту (ППУ) менен ыкчам топ, КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 7 куткаруучу, тез жардам кызматы, КР ИИМнин патрулдук милициясы жана Тазалык ишканасынан 1 суу ташуучу унаа тартылды.

Аткарылган иш-чаралардын негизинде саат 02:36да өрт чектөөгө алынып, саат 07:07де толук өчүрүлгөн.

ӨКМден кабарлашкандай, өрттүн чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Пикир

Оставить комментарий