• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Бишкекте бир жума ичинде экинчи ирет ири өрт катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте бир жума ичинде экинчи ирет ири өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдыр министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, 22-августта саат 18:42де Ч.Валиханов көчөсүнүн №2В/2 дарегинде жайгашкан ЖЧК “Бекендос Плюс” кампасында өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен 1 адам жеңил жаракат алып, болжол менен жалпы аянты 2800 чарчы метрди түзгөн азык-түлүк, кездеме жана пластик түтүкчөлөрдү сактоочу кампада өрт чыккан.

Өрт саат 20:15те чектөөгө алынып, саат 01:21де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Эскерте кетсек, Бишкекте Интергельпо көчөсүндө жайгашкан турмуш-тиричилик техникасы сакталган кампада өрт чыгып, бир күндөн кийин тактап айтканда 22-августта өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий