• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 540 чарчы метр аянты күйдү

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Бишкектин Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыккан толугу менен өчүрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө КР ӨКМдин жалпы 6 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, 2 автошаты, Штаб, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ККББдан ыкчам топ иш алып барган.

"Өрт саат 14:55 чектөөгө алынып, толук саат 17:13 өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, жалпы өрттүн аянты 540 чарчы метрди түздү", - деп айтылат маалыматта.

Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий