• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Бишкекте унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, бир жигит ооруканага жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Бишкектин Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа оңдоочу жайда өрт чыккан. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт күн мурун, 9-февралда катталган.

"Тилсиз жоо саат 15:45те чектөөгө алынып, кечки саат 17:46да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1994-жылы туулган бир адам түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Учурда абалы жакшы", - деп кабарлашты ведомстводон.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий