• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Бишкектеги Жибек-Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликке мүрзөдө ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:35те бир бөлүм тартылып, өрт саат 13:17де толук өчүрүлгөн.

"Кургак чөптөр күйүп жаткандыктар өрт өчүрүүчү унаа ичине кире алган жок. Ошондуктан өрт өчүрүүчүлөр кол менен өчүрүүгө туура келди. Тилсиз жоонун жайылып кетүүсүнө жол берилген жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий