• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ Бишкектеги "Азиз" базарына түшүрүлгөн гуманитардык жардам боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги социалдык тармактарда сөз болгон, Бишкектеги "Азиз" базарына түшүрүлгөн гуманитардык жардам боюнча түшүндүрмө берди.

Министрликтен белгилешкендей, 20-апрель күнү министрликтин кызматкерлери гуманитардык жардамды – 7,5 тонна кумшекерди Бишкек шаарынын "Азиз" базарына жеткирип берген. Аны Биринчи май райондук администрациясынын өкүлдөрү кабыл алышкан.

"Белгилей кетүүчү жагдай, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жардамды белгиленген жерге жеткирүү милдети коюлган – кампа, контейнерлер, сактоочу жайларга. Гуманитардык жардамды түшүрө турган жай жергиликтүү бийлик тарабынан аныкталат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды таратпайт. Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү иштери жергиликтүү бийлик тарабынан жүргүзүлөт . Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин милдети – жергиликтүү бийлик өкүлдөрү берген даректер боюнча гуманитардык жүктү жеткирүү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий