• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: Бишкектин батышындагы өрт чектөөгө алынды, жабыркагандар жок

Коом 0


Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Бишкектин батышындагы өрт чектөөгө алынды. ӨКМдин маалыматы боюнча, Архангельск көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 12:06 түшкөн.

Ал эми социалдык тармактардагы видеолордо, Бишкектин батышындагы кырсык Фрунзе менен Барпы Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, Штаб жана саат 12:30 ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборуна ыкчам топ тартылган.

Мындан сырткары жерине милициянын жана Тазалык ишканасынан суу ташуучу унаалары тартылган.

Өрттүн кесепетинен 1 турак жай бөлүгү менен 2 турак жайдын чатыры, 1 оор жүк ташуучу унаа толугу менен, контейнер толугу менен күйгөн.

Өрт саат 13:18 чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүү иштери уланууда.

Алдын ала, каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Пикир

Оставить комментарий