• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Чүй облусунда 15 га куураган чөп жана арчалар күйүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 24.11.17./Кабар/. Кечээ, 23-ноябрда саат 15:15 чамасында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн Теплые Ключи эс алуу жайынын түштүк чыгыш тарабында тоонун чокусунда болжол менен 15 га аянтта куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу, КР ӨКМнин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысы жана токой чарбасынын кызматкерлери тартылды.

“Тоодо күйүп жаткан куураган чөптү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери саат 20:10до убактылуу токтотулду”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий