• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Чүйдө 9 баллдык жер титирөө болушу мүмкүн деген маалымат – калп

Коом 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. Чүй облусунда 9 баллдык жер титирөө божомолдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат – калп. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын айтымында, бул жалган маалымат WhatsApp аркылуу жайылууда.

"Министрлик Чүй облусундагы жер титирөө боло тургандыгы боюнча маалымат тараткан эмес. Мындан улам, жарандардан жалган маалымат жайылтып, коомчулукту адаштырбоосун өтүнөбүз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий