• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Чүй облусунда дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Чүй облусунда дезинфекциялоо иштери уланууда, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү уланууда.

"ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын шаардык жана райондук ӨКБнүн өздүк курамына дезинфекциялоо жана түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүдө атайын коргоочу кийимдерине, техникага, өздүк курамга саптык кароо жана нускама өткөрүлүп, ар бир кызматкердин дене табы тепловизор менен өлчөнүп, залалсыздандыруу иш-чаралары улантылып келет", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп топтоло турган объектилерде: дүкөн, банк, базар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө.

2020-жылдын 12-май күнү КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 171 320 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланып, 599 кг хлор сарпталган. Бул иш-чарага 7 техника жана 31 кызматкер тартылган.

Пикир

Оставить комментарий