• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Чүй облусунда кырсыктан сактануу боюнча нускамалар өткөрүлүп жатат

Коом 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасында 5-октябрь «Кырсыктардын тобокелин кыскартуу” күнү деп белгиленген. Ушул датага байланыштуу Өзгөчө кырдааалдар министрлиги 2018-жылдын 5-сентябрдан 5-октябрга чейин кырсыктардын тобокелин азайтуунун бир айлыгын жарыялаган.

ӨКМден кабарлашкандай, мындай демилгенин негизги максаты табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө билим берүү системасын өркүндөтүү болуп саналат.

Кечээ, 6-сентябрда ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мектептерде жана лицейлерде кырсыктардын алдын алуу боюнча ачык эшиктер күнү, практикалык окутуулар жана нускамалар өткөрүлүүдө.

Анда жаратылыш кырсыктарынан сактануу, жана алдын алуу багытында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Мындай иш-чара Токмок шаарындаы №5 лицейде Искра айылындагы №61-лицейде, ысык-Ата районундагы мектептерде өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий