• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Чүй облусунун аймагында өрттүн саны 40,5 пайызга азайды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында өрттүн саны 40,5 пайызга азайды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Азис Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 11 ай ичинде облуста 648 өрт кырсыгы катталган. Быйыл өрттүн саны 40,5 % азайган.

"Катталган тилсиз жоодон 11 адам каза болуп, 10 адам жабыркаган. Материалдык чыгым 45 миллион 403 191 сомду түзгөн. Ал эми өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан 139 млн сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар, 12 автотехника, 182 мал-жандыктар сакталып калынган",- деди Эгембердиев.

Облустагы болуп өткөн өрттүн негизги себептери төмөнкүлөр:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 43,5%;

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 9,4 %

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 14,2 %

- балдардын от менен ойноосунан – 3,7 %;

- тамеки чегүүдөгү этиятсыздык – 11 % өрт кырсыгы катталган.

Кошумчалай кетсек, 386 өрт кырсыгы турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 59,5 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий