• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: Чүй облусунун аймагында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/.Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 31-май күнү Чүй облусунун аймагында 800 чарчы метр имараттын сырты жана 58 800 метр погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 280 кг хлор колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий