• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Чүйдө көлмөгө чөгүп кеткен 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Чүйдө көлмөгө чөгүп кеткен 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-майда болжол менен саат 14:19да Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун ГЭС-5 айылында жайгашкан көлмөгө эркек адам чөгүп кетти деген маалымат келип түшкөн.

"ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан 4 куткаруучу тартылып, жеринде издөө иштерин жүргүзгөн. Түшкөн кийин саат 15:00 чамасында 2001-жылы туулган эркек кишинин жансыз сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий