• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Чүйдүн Кегети айылындагы мектепте өрт-тактикалык машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрелде Чүй райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Чүй районундагы Кегети айылынын Өмүралы Исаев атындагы орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгууга 6 куткаруучу, КамАЗ АЦ-06-40 үлгүсүндөгү өрт-өчүрүүчү унаа, ошондой эле Кызыл Ай Коомунун өкүлдөрү тартылган.

Жалпысынан машыгууга 445 адам катышып, машыгуу аяктаган соң жалпы окуучуларга жана мугалимдерге жарандык коргоо жана өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий