• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ: Чүйдө турак жай өрттөнүп, үй ээси күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Өлкө аймагында бир күн ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун Комсомол көчөсүндө жалпы аянтты 40 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 89 жаштагы үйдүн ээси У.П., аттуу эркек киши каза болгон.

Жалал-Абад облусундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 263-чакырымында "Тойота-Альфард" үлгүсүндөгү унаа күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

Ал эми, Баткен аймагынын Давыдов көчөсүндө турак үйдүн 2 чарчы метр жыгач полу жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий