• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Үч күн мурун Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыз табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыз табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен. Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында жалпы 37 куткаруучу тартылган.

"Кошумча маалымат берилет. Издөө иштери министр Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий