• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Үч тоолуу автожолдо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Аймак 0

Бишкек, 08.01.19 /Кабар/. 8-10-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий