• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: Чаткал районунда кар көчкү түшүп, жол каттамы жабылган

Аймак 0

Бишкек, 27.02.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-100- чакырымында көлөмү 500 м3 кар көчкү түшкөн. Натыйжада жол каттамы убактылуу жабылган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кар көчкү кечээ, 26-февралда болжол менен саат 16:30 чамасында түшкөн. Алдын ала билдирүүгө караганда, адам өмүрүнө зыян келген эмес.

“Жолду тазалоо иштерине 4 кызматкер жана 1 бульдозер тартылган. Кечки саат 18:30да унаа жол толук тазаланып ачылган”,-деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Ошондой эле, кечээ, болжол менен саат 16:30 чамасында Красная-Горка- Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгында көлөмү 950м 3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

“Каттамды ачуу үчүн №27 жол тейлөө ишканасынан 3 кызматкер жана 1 жүктөгүч тартылып, саат 18:30да унаа жол толук тазаланып ачылган”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий