• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Чаткал районунда кар көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-январда саат 17:40 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-чакырымында жалпы көлөмү болжол менен 50 куб метр кар көчкү түшүп, жол каттам бир тараптуу жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 бульдозер тартылып, саат 18:09да жол толук тазаланган.

Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий