• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Чек арада кезекте турган айдоочуларга тамак-аш таратуу уланууда

Коом 0

Бишкек, 16.11.17. /Кабар/. “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында кезекте турган айдоочуларга тамак-аш жеткирүү уланууда,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда чек арада кезек күтүп турган 500 айдоочуга ысык тамак таратылган.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасынын негизинде уюштурулууда.

КР ӨКМнен жалпы 17 чатыр тигилип, ӨКМдин кызматкерлери, тез жардам кызматы, ИИМ кызматкерлери нөөмөттө турууда, жергиликтүү бийлик органдары ысык-тамак аш менен камсыздап жатышат. Ысык тамак-аш менен камсыздоо иш-аракеттери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий