• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен экинчи кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен экинчи кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 6-июнда Лебединовка айылынын Гаражный көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына эки адам чөгүп кетип, бирөөнүн сөөгү ошол эле күнү табылган.

Куткаруучулар сууга чөккөн экинчи адамды издөө иштерин жүргүзүп, кечээ 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүп таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий