• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Чоң Чүй каналынын 21 чакырымы тазаланууда

Коом 0


Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Чоң Чүй каналынын 21 чакырымы тазаланууда, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, дээрлик 15 жылдан бери дыйканчылык, курулуш иштери үчүн өтө маанилүү болуп келген Батыш Чоң Чүй каналы тазаланбай келген.

"Жаз алды менен сууга болгон тартыштык маселеси жаралбашы үчүн, ошондой эле сууну керектөөнү жеткиликтүү деңгээлде жеткирүү максатында каналдын жээгин тазалап казуу менен кеңейтүүдө. Бул ишти аткарууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 12 оор инженердик техникасы жана 3 самосвал тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий