• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Дарыялардагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. 28-30-март күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыялардагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМден кабарлашкандай, ага байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

"Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", - деп билдиришти ведомстводон.

31-март күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Пикир

Оставить комментарий