• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Дин кызматкерлер үчүн окутуу уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан дин кызматкерлери үчүн окутуу уюштурулду.

Иш-чарага КР ӨКМнин адистерди даярдоо жана кайра даярдоо аймактык кафедрасынын башчысы Д.Садиков жана КР ӨКМнин өрттү өчүрүү жана алдын алуу, анализдөө бөлүмүнүн улук офицери майор Ш.Туйбасов катышты.

"Иш-чаранын негизинде өзгөчө кырдаал деген эмне, анын түрлөрү, өрт коопсуздугу эрежелери, өрт өчүрүүчү алгачкы шаймандарды колдонуу эрежелерин үйрөтүп, практика түрүндө да көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий