• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Дордой конушундагы темирден курулган кампа толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Дордой конушундагы темирден курулган кампа толугу менен күйүп кетти, - деп маалымдайт КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-августта болжол менен саат 19:44тө Дордой-1 калктуу конушунун 9-көчөсүндө жайгашкан үй-тиричилик техникалары сакталган кампадан өрт чыккан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 1700 чарчы метрди түзгөн темирден курулган кампа толугу менен күйүп кеткен.

Жерине жалпы 6 бөлүм тартылган. Мындан сырткары Тазалык муниципалдык ишканасынан 5 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада, ИИМден 40 кызматкер тартылган.

"Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 21:53тө чектөөгө алынып, толугу менен 5-августта болжол менен саат 10:14тө чамасында толугу менен өчүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий