• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: "Дордойдогу" өрттүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түздү

Кырсык 0


Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. "Дордой" базарындагы өрттүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, базардын аймагындагы эки эки кабаттуу контейнерлерден чыккан өрт саат 11:32де чектөөгө алынды.

"Өрттүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт. Аталган контейнерлерде тез тамак жасалуучу жана кийим сатуучу жайлар жайгашкан", - деп айтылат маалыматта.

Кырсык катталган жерге 60 куткаруучудан турган жети бөлүм, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа жана штаб тартылып, өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий