• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ эсебине жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандар үчүн 2 млн сомго жакын түштү

Коом 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. КР ӨКМ эсебине Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендер үчүн 2 млн сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

13-май 11:00гө карата КР ӨКМ эсебине 2017-жылдын 3-майындагы Чоң-Алай районундагы жер титирөөдө жабыр тарткандар үчүн 1 млн 6 миң 853 сом 54 тыйын түшкөн.

11-май 11:00 гө карата КР ӨКМ эсебине Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкүдөн жапа чеккендер үчүн 848 миң 739 сом 18 тыйын түшкөн.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендер үчүн жардам көрсөтүү максатында акча каражаттарын которууга атайын эсеп ачылган.

Табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүнү каалаган физикалык жана юридикалык жактар төмөнкү реквизиттерге каражаттарды которо алышат:

Жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн реквизиттер:

Алуучу: «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги - 2017-жылдын 3-майындагы Чоң-Алай районундагы жер титирөөдө жабыр тарткандар үчүн”
Алуучунун эсеби: 4407012100009383
Алуучунун банкы: КР КМ Башкы казначылыгы
БИК: 440001
Төлөм коду: 14411100 – ыктыярдуу трансферты, башка гранттар
Максаты: Максатын кеңири көрсөтүү
ИНН 00103200110150

Жер көчкүдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн реквизиттер:

Алуучу: «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги - Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкүдөн жапа чеккендер үчүн”

Алуучунун эсеби: 4407012100009282
Алуучу банк: КР КМ Башкы казначылыгы
БИК: 440001
Төлөм коду: 14411100 – ыктыярдуу трансферты, башка гранттар

Максаты: Максатын кеңири көрсөтүү.
ИНН 00103200110150

Пикир

Оставить комментарий