• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

ӨКМ: Гүлчөдө турак үй өрттөнүп, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында Алымбек датка көчөсүндө турак үйдө өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон үйдүн 16 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1991-жылы туулган үй ээси колунан күйүк алган. Абалы туруктуу.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий