• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: "Гансиде" 14 бейтап дарыланууда, 636 орун бош турат

COVID - 19 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунун аймагындагы "Семетей" ("Ганси") госпитализация пунктунда 14 бейтап дарыланууда, 636 орун бош турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары майор Нурлис Төрөбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 10-августка карата “Семетей” госпиталында бейтаптар үчүн 600 орундук бар болсо, анын ичинен 8де бейтаптар дарыланууда, калган 592 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда оор абалдагы алты бейтап дарыланып жатат, калган 44 орун бош.

Жалпысынан "Гансиде" бейтаптар үчүн 636 орун бош турат.

Пикир

Оставить комментарий