• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Израилдик кыздын сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 29.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Алты күндөн бери дайынсыз болгон израилдик 22 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыздын сөөгүн алгач жергиликтүү тургундар көрүп, куткаруучуларга кабар беришкен.

“Жергиликтүү тургундар болжол менен саат 13:30 чамасында аскадан адамдын жансыз денеси көрүп, куткаруучуларга кабар беришкен. Учурда атайын топтон турган куткаруучулар аскадан сөөктү алып түшүү үчүн жөнөт кетишти. Алып келингенден кийин кыздын өздүгү такталса, толук маалымат беребиз”,-деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске сала кетсек, Сары-Челек коругунда 23-сентябрда израилдик турист кыз дайынсыз жоголуп кеткендиги кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий