• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.03.18 /Кабар/. Республиканын аймагында аба-ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жана жер көчкү жүрүү коркунучтары күтүлөт. Буга ылайык, ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, министрлик күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү.

"Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн, ошондой эле КР ӨКМнин күчтөрүнүн жана каражаттарынын ар кандай өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында, министрликтин түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрү 2018-жылдын 20-мартынан баштап атайын буйрук чыкканга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий