• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, 8 тоннадан ашуун май төгүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 125-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 6-февралда болжол менен саат 12:00дөр чамасында болгон. Унаада 38 тонна күйүүчү май болгон, анын 8,2 тоннасы жерге төгүлүп калган.

“Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, саат 15:06 чамасында оодарылып калган унааны тургузушту”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий