• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Көк-Арт дарыясындагы тосмолорду бекемдөө иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Көк-Арт дарыясындагы тосмолорду бекемдөө иштери жүрүүдө, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Таш-Булак айыл аймагында Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, дарыянын нугу 2-2,5 метрге чейин терендеп жана Арал айылында Жалал-Абад-Благовещенка унаа жолунда Көк-Арт дарыясына курулган көпүрөнүн коргоочу тосмолорун суу жеп, бузуп кетүү коркунучу жаралган.

Тазалоо иштерине тартылган техникалардын жардамында 29 каттам таш ташылып, учурда тосмолорду бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүдө.

Министрликтин кошумчалашкандай, 22нен 27-апрелге чейин жалпы 63 каттам таш, 34 каттам шагыл жана 42 каттам бетон ташылган.

Пикир

Оставить комментарий