• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: Көкөмерен суусуна балык уулоого кеткен эки адамды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Көкөмерен суусуна балык уулоого кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, 5-июнь күнү Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын эки тургуну Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

"7-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМдин №44 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылды. Азырынча жыйынтык жок", - деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий