• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 28-июлда саат 18:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков жана Көтөрмө айыл аймактарында катуу жааган жаандан соң сел жүрүп:

- Орозбеков айыл аймагынын Охна сайына темир-бетон шакекчеси менен курулган 3 көпүрөнү бузуп кеткен;

- Таш-Булак сайынан ички-чарбалык жол катары пайдаланган жолдун 800 метр аралыгын сел каптаган;

- Жошолу сайынан ички чарбалык жол катары пайдаланган жолдун 970 метр аралыгын сел жууп кеткен;

- Көтөрмө айыл аймагына караштуу Гайрат айылында Кадамжай-Шахимардан авто жолуна болжол менен 20 куб метр кум шагыл түшкөн;

- Гайрат айылындагы 4 турак жайдын тамаркасында жана 1 турак жайдын жер төлөөсүнө сел суулары кирген.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлүп, №46 ЖТИ ишканасынан 1 грейдер, 2 жүктөгүч, 1 Хово унаасы тартылып, Көтөрмө-Тамаша авто жолун тазалоо, калыбына келтирүү иштери аткарылууда.

Ошондой эле, Көтөрмө айыл өкмөтүнөн 1 техника жана 18 жергиликтүү тургун тартылып, ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү, участкаларды тазалоо иштери жүрүүдө.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан Орозбеков жана Көтөрмө айыл өкмөттөрүнүн аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 1300 литр күйүүчү май, 130 габион торчо бөлүнүп берилип, 1 жүктөгүч, 1 самосвал сайдын жээктерин бекемдеп, ички чарбалык темир бетон шакекче менен курулган көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштери аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий