• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары башталат

Коом 0


Бишкек, 15.02.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда 132-137-, 198-255- жана 355-370-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Буга байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы – Премьер-министрдин 2018-жылдын 14-февралында №4 буйругу чыккан.

Жогорудагы буйрукту аткаруу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137-, 198-255- жана 355-370-чакырымдарында кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү үчүн, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынан 1 артиллериялык эсеп 2018-жылдын 15-февралында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынан саат 10:00дө КР ӨКМ ыкчам тобунун коштоосу менен жолго чыгышат.

Пикир

Оставить комментарий