• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүрөт

Коом 0

Бишкек, 20.01.18 /Кабар/. Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдары) унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 16-январынан 22-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, ошого байланыштуу КРнын Жарандык коргонуунун башчысы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 15-январында №2 буйругу чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында аткаруу үчүн тартылган, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык Штабынын артиллериялык тобунун аракетинде, 2018-жылдын 17-январынан 19-январына чейин жалпы 78 даана снаряд атылып, натыйжада 70700 метр куб кар көчкү түшүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий