• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.02.18. /Кабар/. 13нөн 14-февралга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий