• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар тууралуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 19-мартынан 23-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын төмөнкү тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар:

- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында Төө-Ашуу ашуусу;

- Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255 чакырымында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;

- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымында Өтмөк ашуусу;

- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101 чакырымында Чапчыма ашуусу;

- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымында;

- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымында;

- Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымында Талдык ашуусу;

- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымында;

- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 147-150 чакырымында;

- Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чакырымында Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы;

- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымында Ийри-Суу тилкеси;

- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 60-94 чакырымында Кара-Гөө ашуусу;

- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымында;

- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусу;

- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымында.

"Аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп эскертет ӨКМ.

Пикир

Оставить комментарий