• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Кар көчкү түшүү коркунучу жогору болууда

Коом 0

Бишкек, 28.12.17. /Кабар/. ӨКМ кызматы кар көчкү коркунучу жогору болуп жаткандыгын билдирет. 2017-жылдын 28-декабрынан 29-декабрына чейин жаап өткөн жана туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымдары жана Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-265-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя авто унаа жолунун 65-97-чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КР ӨКМи тарабынан 2017-жылдын 23-декабрында №02-34/938-Т, 2017-жылдын 26-декабрында №02-34/942-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди. Ошондой эле 2017-жылдын 23-декабрында КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий