• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ӨКМ: Кара-Көл шаарында штабдык машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурдагы иш-аракеттер аталышындагы теориялык жана практикалык командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, машыгууга шаар аймагындагы жарандык коргонуу кызматтары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери тартылып, күч каражаттары күжүрмөн даярдыкка келтирилип, саптык кароо жүргүзүлдү.

"2 күндүк машыгуунун алкагында кетирилген кемчилдиктерди жоюу тапшырмасы коюлуп, ар кандай өзгөчө кырдаалга даяр болуу жагы түзүлгөн комиссия тарабынан эскертилди", - деп белгилешти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий