• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Кара-Суу дарыясына агып кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына бир адам агып кеткен, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Кара-Көл шаарынын 1936-жылы туулган А.К. аттуу жашоочусу 8-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Кара-Суу дарыясына агып кетти деген күмөн менен туугандары куткаруучуларга кайрылышкан.

Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылган. Алар эркек кишинин сөөгүн Кара-Суу дарыясынын жээгинен камыштардын арасынан таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий