• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Каракол шаарында катуу шамал катталып, мейманкананын чатырын учуруп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Каракол шаарында катуу шамал катталып, мейманкананын чатырын учуруп кетти, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында 27-июнь күнү саат 14:45 чамасында шамал катталып, Масалиев көчөсү №45 дарегинде жайгашкан “Май Хотел” мейманканасынын 475 чарчы метр темир чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок, учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда.

"28-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бүгүн комиссия тарабынан акт түзүлөт", - деп кошумчалашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий